АТЫР АБДРАХМАТОВА БШКНЫН ТӨРАЙЫМЫНЫН ОРУН БАСАРЛЫК КЫЗМАТЫНАН БОШОТУЛДУ

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Атыр Абдрахматованы БШКнын төрайымынын орун басарлык кызматынан алышты. Бул тууралуу Атыр Абдрахматовамассалык маалымат каражаттарына билдирди.  Тиешелүү чечим бүгүн, 8-декабрдагы отурумда кабыл алынды.

Маалыматка ылайык, БШКнын мүчөлөрү комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабековага Атыр Абдрахматованы орун басарлыктан мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча арыз менен кайрылышкан.

Анын кызматынан алынышына БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, мүчөлөр — Абдыжапар Бекматов, А.Асаналиев, Акылбек Эшимов, Кайрат Осмоналиев, Гүлнара Баатырова, Бахтияр Кадыров, Адилет Сатыгулов «макулмун» добушун берди. Ал эми, Назарали Арипов жана А.Абдрахматова каршы болушту. Елена Жилкичиева менен Гүлнара Журабаева отурумга келген жок.

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу