Атынчалар көп аял алууга кандай карайт?

Исламга берилип жоолук салынып жүргөн аялды түштүк тарапта «атынча» деп аташат. Атынчалар өз укуктарын коргоо, кайрымдуулук жана келин-кыздарды турмушка даярдоочу коомдук уюмдарды түзүшкөн. Ош шаарындагы ушундай уюмдардын бири — «Ыйман-бакыт» аялдар коому, анын жетекчиси Жамиля Жапашова. Жоолук салынган кыз-келиндердин же атынчалардын укугун коргоо уюму кандайча пайда болду? Аны түзүүгө эмне түрткү берди? Коомдун оңолушуна биринчи кезекте аялзаты таасир тийгизет. Ошондуктан 2000-жылы аялдарга исламды таанытуу максатында “Ыйман-бакыт” коомун ачышкан. Ошол мезгилден азыркыга чейин аялдар менен иштеп келүүдө. Алар жалгыз эле Куранды, динди эмес, турмушта керек болгон бардык нерсени үйрөткөнгө аракет . Мисалы кандай аял кандай болушу керек, баланы кантип тарбиялашы керек,өзүнүн жубайына кандай мамиле кылышы керектигин үйрөтөт. Күйөөсүнө жакшы мамиле кылуу, үй-бүлөнү сактоо, татыктуу баланы тарбиялоо — аялдын негизги милдети экенин, коомдук иштерге активдүү катышууну аларга түшүндүрөт.
Темирлан КЕЛДИБЕКОВ
«Кыргызтаймс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу