Атылган жебе сая кеттиби?

Парламенттин ичинде ар кандай “шок” кылчу оюндар да кээде ойнолуп турат. Айрым эл өкүлдөрү коомчулукка көрүнүп койгусу келгенде “ишенимдүү булактарга” таянып маселе көтөргүсү келишет. Маселен Аида Касымалиеванын аргументтерине ишене карата министрликтен жооп берилди. Көрсө орун басарлык кызматтагы Лунара Мамытова эч кандай ээнбаштыкка барбаптыр. Чет өлкөдөн келген чакырууларга өкмөт тарабынан макулдук берилген соң гана сапарга чыгууга аттанышат турбайбы? Өзүм билемдикти колдонуудан алыс болгон кызматкер англис тилинде ээн-эркин сүйлөй алгандыгы үчүн “эркиндик” берилгенин да тастыктады.

Баса ал өлкө кыдырып, саякаттаганды көздөбөй, мамлекеттик ишти алдыга жылдырууга билимин, жөндөмүн багыттоого умтулганы жакшы жышаан десек болот. Жалпысынан 176 жолу чет жактарга кызматкерлер барышыптыр. Лунара болсо болгону үч ирет гана чет жактарга чыгып, мамлекеттин казынасына кесепетин тийгизбептир. Үй-бүлөөсүн мындай жосунсуз иштерге аралаштырбаптыр. Ал эми социалдык өнүктүрүү министринин дарегине айтылган дооматтардын чын-төгүнүнө ал өзү жооп берүүгө милдеттүү эмеспи? Ошондуктан ар нерсени фактыга таянып айтышса деген эскертмени жолдоп койсок адилеттүү болоттур?

Булак: «Ачык сөз»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу