Аттокуров: «Көп аял алган эркектерге айына 500 доллар салык төлөттүрүп коюш керек»

Эксперт Азамат Аттокуров көп аял алгандарга салык төлөтүү керектигин сунуштады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазган.

Анын пикирине ылайык, Кыргызстанда көп аял алууну токтотуу мүмкүн эмес.

Буга байланыштуу серепчи андайларга салык киргизип коюу керектигин сунуштады.

«Көп аял алган эркектерди айына 500 доллар көлөмүндө салык төлөттүрүп коюу керек. Ошондо аял алам деген каалоочулардын саны дароо азайып баштайт»,-деп эсептейт серепчи.

Эксперт, мындай тариз менен, көп аялдуулукту сүйүүчүлөрдүн кыялынан кайтарууга болот деп ишенент.

Белгилесек, мыйзам боюнча көп аял алууга тыюу салынат. мыйзамды бузгандарга карата эки жылга чейин эркинен ажыратуу чарасы каралган. Бирок укук коргоо органдары жабыр тартуучунун (башкача айтканда биринчи никедеги аялы) арызынын негизинде гана иш козгой алат. Болбосо көп аял алган жаран жазадан кутулуп, никедеги аялдары менен жашоону уланта берет. Кыргызстанда мыйзамга ылайык, көп аял алган эркек бир гана жубайы менен расмий никеге турууга укуктуу, ал эми калгандары менен жөн гана чогуу жашай берет.

Парламент депутаты Айсулуу Мамашованын маалыматы боюнча, бүгүнкү күнгө дейре көп аялга үйлөнгөн бир дагы эркек жазасын ала элек.

Эске салсак, 28-ноябрда, социалдык тармактарда видео жазуу жарыяланган. Анда Кыргызстандын мурунку муфтийи Чубак ажы Жалилов экинчи ирет үйлөнгөнүн, бирок ошол эле учурда биринчи никедеги жубайы менен ажырашпаганын билдирген болчу.

Чубак ажы, Кыргызстанда башка мусулмандарды дагы, эгер мүмкүнчүлүк болсо, жашоодон кысталган аялдарга үйлөнүүгө чакырган.

«Ооба мен жакында эле экинчи жолу үйлөндүм. Менин эки аялым бар. Жолдошу каза болуп калган жесир аялга үйлөндүм, ал Түркияда бала багуучу болуп иштеген. Шариятка ылайык, эркектер экинчи же үчүнчү аялы кылып жашоодон запкы көргөн, кыйналган же жесир аялдарга үйлөнөт. Бизде азыр кыргыз аялдары акча табам деп мажбур түрдө чет жактарга иштегени кетип жатышат. Биз кыргыз эркектери аларга жардам беришибиз керек, намыстанышыбыз керек. Ошон үчүн мен экинчи аял алдым. Эч кимден жашырган жерим жок, ата-энем, жубайым баарын билишет. Шарияттын бардык мыйзамдарына ылайык үйлөндүм. Албетте менин биринчи аялым капа болду буга, анын кызганууга, капа болгонго укугу бар. Мен мусулмандарды жашырынып эмес, үйлөнгөнүӊөрдү ачык айтып жашагыла деп чакырып кетет элем»,-деп билдирди Чубак ажы Жалилов.

Соцтармактарда бул видео талкууга алынды.

Чубак ажы Жалиловдун билдирүүсү адамдардын нааразылыгын туудурган. Укук коргоочулар Чубак ажыга карата прокуратурага арыз беришти.

Эске салсак, Кыргызстандын Конституциясына ылайык, жарандык мамлекет, көп аял алууга, Негизги мыйзам боюнча, тыюу салынат.

Булак: barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу