Аткаминерлер абакта кандай күн өткөрүшүүдө?

2018-жылдын июнь айында Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш иштин негизинде мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков жана депутат Осмонбек Артыкбаев айыпталып, камакка алынган. Ал эми 2016-жылдын март айында Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров «өлкөдө төңкөрүш жасоону жана бийликти басып алууну пландашкан» деген айып мен кармалган. Темир тор артында жаткан аткаминерлердин саламаттыгын билип эмне менен алек болуп жаткандыгына саресеп салдык.

Айжан Орозакунова, Осмонбек Артыкбаевдин жактоочусу:

– Азыркы учурда Осмонбек Артыкбаев №4 Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий борборунун калыбына келтирүү (реабилитация) бөлүмүндө дарыланууда. Декабрь айынын аяк ченинде омурткасынан операция жасалган. Артыкбаевдин ден соолугун «абдан жакшы» деп айтуу кыйын. Абалы туруктуу. Азырынча дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатат.

Нурбек Токтакунов0, Сапар Исаковдун жактоочусу:

– Учурда Сапар Исаковдун саламаттыгы жакшы. Буга чейин деле ден соолугуна даттанган эмес. Сот иштери бүткөнгө чейин дагы бир топ убакыт бар. Андыктан өзүн жакшы эле кармап атат. Өзү китеп окуганды жакшы көрөт. Мен барган сайын бирден китеп ала барам. Башында кыргыз тилдүү китептерди көбүрөөк сурачу. Азыр болсо англис тилиндеги китептерге дагы басым жасап калды. Туугандары барса деле сөзсүз китеп алып барып беришет. Ал жаткан абакта кадимкидей машыгуу залы бар. Спорт менен дагы машыгып турат. Кыскача айтканда, абдан кайраттуу!

Данияр Маманов, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановдун жактоочусу:

– Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровду мен жактагам. Өзүңүздөр билгендей, саясый куугунтук катары соттолгон. Буларга коюлган айып толугу менен мыйзамсыз жана негизсиз. Тергөө амалы жабык түрдө каралып, одоно мыйзам бузуу менен өкүм чыккан. Жаңы мыйзамдардын негизинде жакынкы күндө булардын иши кайрадан каралат. Байланышта болуп, ал-акыбалдарын сурап турам. Түрмөнүн өзүнүн эрежелери бар эмеспи. Ошол тартипте мыйзам бузбай отурушат. «Качан биздин иш каралат?» деген үмүт менен сабыр кылышууда. Учурда экөөнүн тең саламаттыгы жакшы. Бүгүнкү күндө азыркы бийликтин саясатын колдошот. Келечеги, максаттары алдыда!

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу