Ата-эненин батасын алып кубанып, ажырашып кайгырган Бакыт Байсариев…

Жагымдуусу: Жыл башында эле ата-энемди Египетке алып барып, эс алдырып келдим. Атам 72, апам болсо 63 жашында өмүрлөрүндө биринчи жолу чет жерге чыгышты. Ата-энеме чет жерге барарыбызды сыр кылып жүрүп, бир күн калганда гана сюрприз кылып айткам. Негизи муну көптөн бери эле ойлоп жүргөм, тилекке каршы ишке ашпай келген. Өтүп бара жаткан жылы тилегим орундалды. Биздин эс алуубуз он бир күнгө созулду. Ата-энем абдан кубанып, алардын алкышын алдым.

Жагымсызы: Бул жылы экинчи турмушум дагы болбой калды. Жубайым Алия менен да эки ажырым жолго түштүк. Бул менин жагымсыз окуям болду…

БУЛАК: Леди. kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу