Ата-энеге дуба кылуунун пайдасы эмнеде?

Күндөрдүн биринде Азирети Алиге бир киши келип: Эмнегедир ырыскым тарып баратат, — деп арызданат. Анын себебин билгиси келген Азирети Али тиги кишиден: Мүмкүн сен өзүңө тиешелүү болбогон калем менен жазып жаткан чыгарсың? — деп сурайт. Тиги киши: Жок, мен өзүмдүн эле калемим менемн жазам, — дейт. Азирети Али: Анда сен сынык тарак менен чачыңды тарап жүрбө? — деп сурайт. Тиги дагы: Жок, — деп жооп берет. Азирети Али: Андай болсо сен өзүңдөн жашы улуу адамдардын алдында басат окшойсуң? — дейт. Тиги: Жок, мындай кылбайм, — дейт. Азирети Али: Мүмкүн сен багымдат намазынан кийин кайра уктайттырсың? — деп сурайт. Тиги: Жок, уктабайм, — деп жооп кайтарат. Азирети Али: Андай болсо сен ата-энеңе дуба кылбай жаткан окшойсуң? — дейт. Тиги: Ооба, ата-энеме көп дуба кылбайм, — деп моюнуна алат. Азирети Али: Ата-энеңди эстеп, аларга дайыма дуба кылып жүр. Мен Пайгамбарыбыздын (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Ата-энеге дуба кылбай коюу ырыскынын тар болушуна себеп болот” дегенин укканмын. Ошондуктан намаздан кийин ата-энеңе дуба кыл, дуба кылууга кеткен эки мүнөткө сараңдык кылба! — дейт. О, Алла! Тирүү жүргөн ата-энелербиздин өмүрлөрүн узун кыл! Күнөөлөрүн кечир, даражаларын бийик кыл! Өтүп кеткендерин Ырайымыңа ал! Жаткан жерлерин бейиш бакчаларынан кыл! Кыяматта баарыбызды Пайгамбардын айланасында чогуу кыла көр!

Булак: Муфтият Автор:  Абдишүкүр Нарматов

Аргумент.kg
Жооп калтыруу