Ата сүйүүсү…

Жаш жигит окуусун бүтүп, диплом ала турган күнүн күтүп жүрдү. Ал көргөзмө залдан бир спорттук машинаны жактырып калып, атасынан диплом алганда ошол машинаны белек кылышын суранды. Диплом аларга аз калганда уулу атасынан машинаны сатып алгандыгы жөнүндө кабар күтүп жатты. Бир күнү атасы ушундай билимдүү уулу бар экендиги менен сыймыктангандыгын, аны жакшы көрөрүн айтуу үчүн өзүнө чакырды. Уулу атасына барды, атасы белекке окшогон коробканы уулунун алдына койду. Сүйүнүп, бир чети таң калган уулу коробканы ачты. Коробканын ичинде булгаары менен сыртталган Куран китеп бар эле. Куранды көрүп кыжырданган уулу башын көтөрүп, атасына катуу кыйкырды.- Ушундай абалыңда болгону мага Куран белек кыласыңбы? Уулу Куранды албай, ачууланып эшикти тарс жаап чыгып кетти, ошол бойдон кайрылып келбеди. Арадан көптөгөн убакыттар өттү. Уулу аябай таң каларлык карьера жасап, чоң үйлүү болду, үйлөндү. Күндөрдүн биринде атасын эстеп, ага жолугуп, акыбалын сурап келүүнү чечет. Атасы ал кезде улгайып калган эле. Эми гана атасына жөнөп жаткан убакта ага атасынын каза болгондугу жана бардык мал-мүлкүн уулуна таштагандыгы жөнүндө кабар келди. Уулу атасынын үйүнө келди. Жүрөгү кайгы менен өкүнүчкө толду. Атасынын кагаздарын карап олтуруп, баягы атасы белек кылган Куран китепти көрүп, өксүп ыйлады. Куранды алып, барактап жатты. Бир кезде китептин арасынан конвертти көрдү. Конвертти ачканда ичинен баягы көргөзмө залдагы спорттук машинанын ачкычы жерге түшүп кетти. Ачкычта сатуучунун “Баары төлөнгөн” деген этикеткасында бар эле.

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу