Ата Мекен» фракциясы чуулгандуу иштерди талкууга алып чыгат

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясы 14-сентябрдагы жыйынында чуулгандуу иштердин чоо-жайын талкуулайт.

Анын бири — Мамлекеттик тарых музейиндеги коррупция. Расмий маалыматка ылайык, жыйынга музейдин жетекчилиги, Маданият, маалымат жана туризм, Каржы министрликтеринин адистери чакыртылды. Андан тышкары, Башкы прокуратурадан, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК), Ички иштер министрлигинен, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын, Архитектура, курулуш, турак жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү да келет.

Буга чейин музейди жаңылоодо анын жасалгалары ашкере кымбат баада көрсөтүлгөнү боюнча маалыматтар «Ата Мекен» фракциясынын көчмө жыйынында каралган. Ошондон улам бюджеттик каражатты туура эмес пайдаланууга байланыштуу Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Бирок анын жыйынтыгы боюнча кимдер жоопко тартылып жатканы жарыялана элек.

Ошондой эле «атамекенчилер» «Белизгейт» чырына байланыштуу маселени да тийиштүү орган кызматкерлеринин катышуусунда талкууга алат.

Коомчулукта чуулгандуу иш катары белгилүү «Белизгейт» жаңжалы 2016-жылы декабрда чыккан. Анда УКМКнын ошол кездеги төрагасы Абдил Сегизбаев “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова “Альфа Телекомдун” 50% акциясын сатууну көздөгөнүн, бул Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алынган документтер менен ырасталганын жарыялаган. ​»Ата Мекен» юристтерге таянып, УКМК тараткан маалыматтар далилденбегенин билдирип жүрөт.

Башкы прокуратура жана УКМК былтыр «Белизден алынды» деп айтылган документтерди иликтөө боюнча жумушчу топ түзгөн. Бирок ал жумушчу топ кандай тыянак чыгарганы ушул кезге дейре жарыялана элек.

Булак: Азаттык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу