“Ата Мекен” фракциясына жаңы депутат келет

БШК жакынкы күндөрү Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын башка адамга берет. БШК Өмүрбек Текебаев боюнча Жогорку Соттун өкүмүн чыдамсыздык менен күткөн, мурунку Эсеп палатасынын жетекчиси Искендер Гайпкуловго тизме боюнча Өмүрбек Текебаевдин ордуна депутаттык мандат берет.
Эскерте кетсек. 21-ноябрда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев боюнча Биринчи май райондук соту жана Бишкек шаардык сотунун чыгарган өкүмүн күчүндө калтырды.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу