«Ата Мекен»: Президенттик шайлоо 27-августта өтүшү керек

Бүгүн, 17-апрелде «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова жана Наталья Никитенко билдирүү жасашты.

Алмамбет Шыкмаматов: «Конституцияга ылайык, президент 6 жылга шайланат. Алмазбек Атамбаевдин Конституциялык мөөнөтү 2017-жылдын 1-декабрында бүтөт. Андан ашык 1 саат кызматта турса мыйзамсыз болот. Шайлдабекова президенттик шайлоо 2017-жылдын 19-ноябрында өтөрүн билдирди. Биз муну мыйзамдарды бузуу деп эсептейбиз. 1-декабрда жаңы президент кызматына киришип калышы керек. Экинчи тур, жана башка процедураларды эске алганда президенттик шайлоо 27-августта өтүшү керек. «Ата Мекен» фракциясы 26-апрелден кечиктирбестен президенттик шайлоону 27-августка дайындоо чечимин кабыл алды. Тийиштүү токтом долбоору Жогорку Кеңешке сунушталат», — деди.

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу