Бишкек шаарнын Октябрь райондук соту «Ата Мекен» партиясынын юристи Таалайгүл Токтакунованын мүлктөрүн камакка алды.

Бишкек шаарнын  Октябрь райондук соту «Ата Мекен» партиясынын юристи Таалайгүл Токтакунованын мүлктөрүн камакка алды. Токтакунованын үч машине, эки үй жана эки жер тилкеси камакка алынгандыгы тууралуу бизге кабарлады.

Алмазбек Атамбаевдин аброюна шек келтирди деп “Ата Мекен” партиясынын юристери Таалайгүл Токтакунова жана Канатбек Азизге 10 миллион сом доо коюлган. Анын мүлктөрү камакка алынганын Бишкек шаарнын Октябрь райондук сотунан да ырасташты. Партиянын юристтери лидер Өмүрбек Текебаевдин маалыматына таянып, 16-январда Бишкектин четине кулаган учактагы жүктөр президентке жана жубайына таандык экени тууралуу журналисттерге маалымат таратышкан. Президенттик аппарат муну четке каккан. Башкы прокуратура «мамлекет башчынын абройуна шек келтирди» деген негизде маалымат берген юристтер Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азизди сотко берген. Прокуратура бул кадамын мыйзамдуу деп сыпаттаган.

Булак: Аргумент

Аргумент.kg
Жооп калтыруу