“Ата Мекен” менен Атамбаевдин соту 23-мартта болот

“Ата Мекен” партиясынын президент Алмазбек Атамбаевге болгон доо арызы боюнча соттук отурум 23-мартта болот.

Маалыматка ылайык, доо арызды Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту карайт.

Эске салсак, 6-март күнү ажо Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде “Ата Мекен” партиясын сасык партия атап, анын мүчөлөрүн мародер деген болчу. “Ата Мекен» партиясы айтылгандар негизсиз экенин билдирип, президентти сотко берген.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу