“Ата Мекен” Маевскийдин кармалышы боюнча маалымат жыйын өткөрөт

Бүгүн 20-ноябрда Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы Өмүрбек Текебаевди түрмөгө кесүүдө негизги күбө болгон орус ишкери Леонид Маевскийдин кармалышына байланыштуу парламентте маалымат жыйын өткөрөт. Бул тууралуу фракция маалымдады.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотоновдун соттук ишиндеги негизги күбө, орусиялык ишкер, Мамдуманын экс-депутаты Леонид Маевский «бирөөнү жаманатты кыла турган маалыматты ачыкка чыгарбаш үчүн жабырлануучулардан ири суммадагы акча талап кылган» деп айыпталууда. 16-ноябрда Москвадагы Тверь райондук соту аны 2019-жылдын 14-январына чейин камакка алууну чечкенин “Интерфакс” жана башка маалымат агенттиктери кабарлаган. Мындан соң «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрү Текебаевдин маселесин кайра кароону сунуш кылып жатышат. Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу