«Ата Мекен» «Белизгейтти» парламентте талкуулоого чакырды

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясы парламент “Белизгейт” маселесин карап чыгып, өз баасын бериши керек деп эсептейт. Бул тууралуу бүгүн жалпы жыйында депутаттар Алмамбет Шыкмаматов жана Каныбек Иманалиев билдиришти. Депутат Жанар Акаев буга чейин “айрым тартип коргоо органдары калпты мамлекеттик деңгээлде айтып келишкенин” эскертип, ошого тиешелүү баа берилиши керектигин белгиледи.

Эки жыл мурун УКМКнын ошол кездеги төрагасы Абдил Сегизбаев парламентке келип, “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова «Мегаком» деген аталыш менен белгилүү “Альфа Телекомдун” 50% акциясын сатууну көздөгөнүн, бул Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алынган документтер менен ырасталганын жарыялаган.

Быйыл апрель айында кызматтан кеткен Сегизбаев “Азаттык” менен болгон эксклюзивдүү маегинде «ыкчам булактар» аркылуу алынды делген документтин чын-бышыгы тастыкталбай калганын мойнуна алды.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу