«АТА МЕКЕНди» саткан саткындар! (тизме)

«Ата Мекен» фракциясынан Сайдулла Нышанов, Садык Шер-Нияз, Бахадыр Сулейманов, Эмил Токтошев, Айсулуу Мамашова, Абдимуктар Маматов өңдүү депутаттар соңку убакта камакта жаткан лидери Өмүрбек Текебаевди колдошпой, бийликке ыктап кетишкени жалганбы? Дал ушуларды партиялык тизменин алдыңкы орундарына киргизип, эл өкүлү катары мандат алышына Өмүрбек Текебаев шарт түзгөнү, бирок мезгилдин агымы менен  чоң катачылык кетиргени бүгүн байкалууда. Себеби, август соңунда парламенттен премьер-министрди шайлоодо Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова, Наталья Никитенко, Каныбек Иманалиев баштаган «чаар баштар» камактагы лидерине моралдык колдоо көрсөтүү, бийликтин кадамына протест кылуу ишараттары менен Сапар Исаковго каршы добуштарын беришкен. Ал эми С.Нышанов, С.Шер-Нияз, Б.Сулейманов, Э.Токтошев, А.Мамашова, А.Муктаров өңдүү алты депутат чыныгы оппозициялык кадамдарын жасай алышпай, бийлик тарапка ооп кетишкени кандай? Ошондо булар саткынчы болуп калыштыбы? Жамандык башка түшкөндө лидеринин башын аттап кетишкен немелер эртең дагы кимиси болбосун көнгөн адаттары менен «ойноп кетишери» белгилүү болуп калды го?..

Булак: “Азия Ньюс”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу