«Ата Мекендин» үч депутаты Абдил Сегизбаев менен Алмаз Үсөновду сотко берди

«Ата Мекен» партиясынын үч депутаты Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев менен Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөновду сотко берди. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Анын айтымында, доо арыз бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна тапшырылды.

«Шыкмаматов менен Салянова жоопкер тараптан моралдык чыгым үчүн компенсация сурашкан жок. Текебаев моралдык чыгымды 60 миллион сомго баалады. Ошондой эле алар соттон Сегизбаев менен Үсөновдун мүлктөрүн камакка алып, айтылган маалыматтарды түгүндөөнү соттон сурашты», — дейт Токтакунова.

Айта кетсек, 2016-жылдын 14-ноябрында президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алган. Анда Белиз мамлекетинин расмий органдарынан апостиль алынганын билдирген. УКМКнын башчысынын билдиришинче, ал документтер 2012-жылы жогорку кызматта турган 3 адам «Мегакомдун» акцияларын сатуудан түшөт делген 50 миллион доллардан ашык акчаны оффшордук компанияга чыгарууга кызыкдар болгонун күбөлөндүрөт. Документте депутаттар Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянованын аттары аталган. Ал эми «ата мекенчилер» бул документтердин жасалма экенин, бийлик оппоненттерин курулай каралоого өткөнүн айтып, Белизден келген айрым документтерди жарыялашкан.

Булак:super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу