«Ата Мекендин» мүчөлөрү Кантта жыйын өткөрдү

Кечээ, 4-ноябрда «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрү Кант шаарында тынч жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу «Азаттыкка» жыйындын катышуучусу Каныбек Мырзаканов билдирди.

Канттын Жеңиш аянтында чогулгандар «Ата Мекен» партиясынын 26 жылдыгын белгилешти.

Чогулгандар абактагы партиянын лидери Өмүрбек Текебаевди жана башка саясатчыларды бошотууну талап кылышты.

— Биз мыйзамсыз, жалган жалаа менен камалган партиянын башчысы Өмүрбек Текебаевди, Дүйшөнкул Чотоновду эркиндикке чыгарууну талап кылдык. Ошондой эле Алмазбек Атамбаевдин мезгилинде саясий куугунтуктун курмандыгы болгон бардык саясий туткундарды бошотууну талап кылдык. Бүгүнкү тынч жыйын — бул башталышы. Бул «Ата Мекен» партиясынын республикадагы мүчөлөрүнө жана прогрессивдүү көз караштагы саясий партияларга кайрылуу болду. Себеби демократиялык мамлекетте саясий туткундардын болушу — уят. Биз президенттин жүргүзүп жаткан багытын колдоп, саясий туткундар акталат деп ишенебиз, — деди Каныбек Мырзаканов.

“Ата Мекен” партиясынын жол башчысы, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, парламенттин бир нече жолку чакырылыштарынын депутаты Өмүрбек Текебаев «орусиялык ишкерден 1 миллион доллар пара алды» деп айыпталган.

Сот 2017-жылы Өмүрбек Текебаевди жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновду сегиз жылга эркинен ажыраткан. Жогорку сот бул өкүмдү күчүндө калтырган.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу