«Ата-Журттун» лидери КСДПга оогону турабы?

Соңку убактагы президент Атамбаевдин ачуу билдирүүлөрүнөн кийин Камчыбек Ташиев бийликти жактагандай сүйлөп, позициясын өзгөртө баштаганы эмнеси? Шайлоого жетпей эле соодалашууну кыялдандыбы, же Алмазбек Шаршеновичтин жинине тийип, дагы бир балээге кабылуудан коркуп калган кербезиби? Негизи каарманыбыздын жүрүш- турушу чыныгы кыргыздын образын берет эмеспи, жөн жүрбөй дагы бир чууга кабылса, анан ыңгайды күтүп аткан бийлик тутуп алышы мүмкүн. Айтор, «Ата Журттун» лидери баардык жагын таразалап атса керек. Атамбаев бийликтен кеткени менен деле анын сүймөнчүгү президент болсо, кайрадан эле ушул система улана бермекчи. Негизи Камчыке капталдан качырганын таштап, президент менен тил табышууну көздөсө, максатына жетет эле. Ансыз да КСДПнын рейтинги Жалал-Абад облусунда начарлап турганда, Ташиевдей оор салмактуу саясатчыны жоошутуп алышса жаманбы? Ак көңүлү кармаса, КСДП үчүн  күрсүлдөп иштеп берет болчу.

Булак: Азия ньюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу