Бүгүн Бишкекте “Ата Журт” партиясынын съезди өтөрү күтүлүүдө. Анын жүрүшүндө президенттикке талапкерлер көрсөтүлмөкчү.
Бизге жеткен маалыматтарга ылайык, съезддин катышуучулары дароо эки талапкерди президенттикке аттандырмакчы болушууда.
Анда экс-төрага Ахматбек Келдибеков жана экс-депутат Камчыбек Ташиев талапкер катары көрсөтүлөрү күтүлүп жатканы айтылды.
Эске салсак, Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Талапкерлигин көрсөтүүнү каалаган жарандар БШКга 1-августка чейин арыз тапшырышы керек.
Булак: Каганат