«АТА-БАЛАНЫН ТАЛАШЫНА ТҮШКӨН КЫЗ»

Бир жигит атасына келип: Атаке, бир кызды жакшы көрүп калдым. Ал кыз сулуугу менен арбап алды, көздөрү болсо мени өзүнө сыйкырлап алгандай, ошол кызга үйлөнсөм деп жатам, сиз үйлөрүнө куда түшүп барсаңыз – дейт. Кубанычы койнуна батпаган атасы дароо макул болуп кыздын үйүн карай жолго аттанат. Куда түшкөнү барган атасы тиги кызды көрөөрү менен жакшы көрүп калат. Сулуулугун сөз менен сүрөттөп бүткүс ал сулуу заматта ата-баланы кас кылат. Атасы баласына: “Сөзүмдү жакшылап ук балам!, бул сулууну сен эмес, мен алам.

Сен ылайыктуу эмессиң, бул кызга мен сыяктуу жашоонун ысык-суугун көргөн, тажрыйбасы мол жана бул кыздын таянар тоосу болгонго жарай турган адам керек” – дейт. Атасынын сөздөрүнө таң калган баласы: “Жок, атаке! Бул кызга мен үйлөнөм” – деп каршы болот. Ошентип ата-баланын ортосунда чоң чыр чыгат, талашып-тартышып бир бүтүмгө келе албаган ата-бала маселени чечиш үчүн милиция бөлүмүнө барат. Ал жердеги милиция кызматкерине болгон окуяны айтып беришет, милиция болсо кыздын өзүн чакыргыла, өзүнөн сурап көрөлү, экөөңөрдүн кимиңерди тандаса ошонуң үйлөнөсүң дейт. Кызды алып келет, аны көргөн милиция да анын сулуулугуна таңыркап, азгырылып кетет да: “Бул кыз сен экөөңөргө туура келбейт, бул сулууга мына мен сыяктуу өлкөгө таанымал, төбөсү көрүнгөн адам татыктуу” — дейт. Абалдын андан ары курчуп баратканын сезген үчөөсү вазирге барып айталы, балким маселени ошол чечип берээр деп кызды да өздөрүнө кошуп вазирге келишет. Кызды көргөн вазир дароо эле өзгөрө калат да: “Бул кыз мен сыяктуу вазирге ылайыктуу” – деп кирет. Ошентип олтуруп акыр-аягында бул кабар падышага жетет, падыша ата-баланы, милицияны, вазирди жана кызды кошо чакыртат. Падыша өкүм чыгарып, кызды алардын бүрөөсүнө тапшырышы керек эле, бирок андай болбойт. Ал дагы кыздын сулуулугуна алданат, бул кыз мага ылайыктуу, дүйнөдөгү эң сулуу кыз мендей падышанын жары болушу керек дейт. Ошол жерден чоң талаш-тартыш чыгып кетип, маселе чечилбей жаткан кезде, тиги кыз: талаш-тартыштан силерди мен чыгарам, болгону менин төмөнкү сунушумду аткаргыла дейт: “Азыр мен чуркайм, силер менин артымдан кууп жетесиңер, ким биринчи жетсе мен ошонуку болом, ошол адам мага үйлөнөт”. Кыз качып жөнөйт, анын артынан падыша, вазир, милиция жана ата-бала кууп баштайт, чалыгып-чарчашып, мен биринчи жетем деп жарышып чуркап баратып бешөөсү бирдей терең чуңкурга түшүп кетишет. Бардыгына бирдей жаккан, ата-баланын, падыша-вазирдин ортосуна чуу салган сулуу кыз аларга карап: “Мени тааныдыңарбы?, , адамдарды бири-бирине душман кылган, элдерди динден алыстатып ибадат кылдырбай алаксыткан, көрүнгөндү азгырган, ата-бала, дос-жарды бир-бирине кас кылган, бардык адамдарды артынан чуркатып олтуруп кабырга алып келип чуңкурга калтырып кеткен: “Дүнүйө” – деген мен болом” – деп бешөөсүн тең чуңкурга калтырып кетип калат.

Бул, биз ибрат алчу жөн гана мисал, дүнүйөнүн артынан чуркаба, эч качан аны кууп жетпейсиң, ал сени кабырга алып барып, чуңкурга калтырган кезде анын азгырык экендигин түшүнөсүң. Дүнүйө деп түнү-күнү чуркап жүрүп жашоодогу негизги максаттарыңды унутуп калба! Дүнүйө-мүлк топтобо дебейм, болгону ал сени намаздан тосуп койбосун, эгер колуңда байлыгың бар болсо зекетиңди бер, жетим-жесирге жардам колуңду узат, мечит, мектеп, бала бакча же көпүрө кур, көз жумганыңдан кийин ошол нерселердин сообу үзгүлтүксүз жетип турат. Адам баласы өлгөндөн кийин аны кабырына чейин үч нерсеси ээрчип барат. Алардын экөөсү кайра артка кайтат, алар: үй-бүлөсү жана байлыгы, бирөөсү гана өзү менен кошо калат, ал: ибадаттары, сооп иштери.

Абдишүкүр ажы Нарматов.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу