Аташкабыз Кытайда эмне боюнча долбоорлорду талкуулады?..

Президент Алмазбек Атамбаев Бээжинге жасаган иш сапарынын алкагында Кытайдын Жол жана көпүрөлөрдү куруу боюнча мамлекеттик корпорациянын төрагасы Лу Шан менен жолукту.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясаты бөлүмүнөн кабарлагандай, тараптар «Түндүк-Түштүк» альтернативдик жолун, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоорлорду, андан тышкары Бишкектеги автожолдорду жаңылоо маселелерин талкуулады.

Президент Алмазбек Атамбаев башында турган кыргызстандык делегация Кытайга 13-майда барды. Алар учурда Бээжиндеги “Бир алкак – бир жол” форумуна катышууда.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу