Атам ойношуна үй салып жатат…

2016-жылдын 30-майында апам операция жасатканы чет өлкөгө кеткен. Буга аны атам көндүргөн. Алдыда баш мээнин тамырларына өтө оор операция күтүп жаткан эле. Апам коркуп, баргысы келбей жаткан, бирок баары бир кетти.

Көрсө, атамдын башка планы болгон экен. 2 жумадан кийин ал ойношунун төшөгүндө жатты. Бул аял жалгыз жашачу, жашы 52, пенсионер, аты Мира. Бир айдан соң, атам үйгө түштөнүү үчүн жана жууну үчүн гана келе турган болуп калды, башка күнү анын үйүндө түнөйт.

Ошол убакта мен Түркияда окучумун, атам тууралуу инимдин аялынан билдим. Стресстин айынан менин кашым менен кирпигим түшүп калды. Ошол эле жылдын ноябрь айынын аягында апама операция жасалды. Ал операциядан кийин узак убакытка чейин азап тартып кыйналды. Араң калыбына келди.

Билет менен операцияга кеткен бардык чыгымдарды эжем күйөөсү менен төлөштү. Апам 2017-жылы кышында келди, ал эми атам ага көңүл буруп да койгон жок, мурдагысындай эле үйдө түнөбөй жатты. Апама болгондордун баарын айтууга туура келди.

Биз, балдар, апамдын келиши атамды акылына келет деп ойлодук, бирок андай болгон жок. Апам баарын билгенден кийин атамды кууп чыкты. Ал өзүнүн аппак экенин көрсөтүш үчүн, апама көө сүрттү. Апамдын дагы кан басымы көтөрүлүп, абалы начарлады. Ага 2-топтогу майыптыкты беришти.

Кийинчерээк атам кечирим сурап келди, апам кечирди, бирок мен каршы элем. Ал үй-бүлөсүнө кайтып келди. Бирок, апам анын дагы деле тиги сойку менен экенин билип калды. Апам анын токтоторуна үмүттөнүп, байкай баштады. Андан ары чыр-чатактар башталды, бирок ал мойнуна албай, ага ишенишин, мунун баарына мен күнөөлүү экенимди айтып туруп алды.

Бул сөздөр менин сөөгүмө жетип, мен аны аңдый баштадым. Мурда алар атамдын жумушуна жакын жерден батир жалдап жашачу. Бирок, кийин алардын үй салдырып жатканын билдим. Тиги аялдын барып чачын жулуп, шермендесин чыгарып салсам дейм, бирок мындан башка варианттарын дагы ойлонуштуруп, акыл менен иш кылгым келип жатат. Кандай кылганда экөөн бири-биринен ажырата алам? Сиздерден кеңеш күтөм.

Булак: «Чабарман кж»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу