Атамды жазалагым келет. Жаш кыздын баяны…

22 жаштамын. Үч бир тууганбыз. Атамды жек көрөм. Апамдан айрылганыбызга көп болуп калды. Атама балалык кезимден калган таарыныч бар. Эч эле тил табыша албайбыз. Күн сайын урушканыбыз аялына майдай эле жагат.

Атам бизге кам көрбөйт: билим алууга, бир нерсеге жетүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берген жок.

Кичүү сиңдим менен шаарда турабыз. Кээде ач, кээде ток. Акча берейин деп ойлонбойт. Бирок, ошол эле учурда «мени угуп, сыйлагыла», деп талап кылат. Кандай кылсам болот?

Акыркы жолу  тууган күнүндө урушуп кеттик. “Сиңдиң өзүн бага албай жатса, Сирияга жибер!” деген сөзү ачуумду келтирди. Кээде атамды жазалагым келет. Атам бизге кам көрүүгө милдеттүү экенин кантип түшүндүрсөм?

Тамара Воронцова, психолог    

Кымбаттуум!  Көпчүлүк ата-энелер балдарын тарбиялап, окутуп, камсыздайт. Тилекке каршы, сиздин тагдыр башкача болуп калыптыр. Түшүнүп турам, бул абдан кыйын жана таарынычыңыз көпкө чейин, мүмкүн өмүр бою сакталып калат.

Кызым, сиз чоңоюп калыпсыз, атаңызга үмүт артпаңыз. Адептүүлүктү сактап, майрамдарда куттуктап коюңуз, талашып-тартышпаңыз. Атаңыз сизге мээрим төгө албагандан кийин, көңүл калуу жана уруштан башка эч нерсе бербейт. Чанда гана көрүшкөнгө аракет кылыңыз.

Ишене турган бирөөсү жок  адамдар көп нерсеге жетет. Андыктан эмгектениңиз: тамак жасап, батирлерди тазалап, кичинекей балдар менен олтуруп, карыларды карап ж.б. жумуштарды аткарып акча тапсаңыз болот. Сиңдиңиз канча жашта экенин айтпапсыз, бирок, ал да жардам берсин, азыртадан ага баарын үйрөтүңүз. Эсиңизде болсун, кыйынчылыктар такшалтып, күчтүү кылат, сиңдиң экөөңөрдү жакындатат, өмүр бою ынтымакта жашайсыңар. Алдыга гана умтулуңуз!

Атаңызды өзгөртүп, ынандыра албайсыз. Аны кечириңиз – ал өз тандоосун жасады, кудай күнөөкөрлөр менен өзү иш алып барат. Аны күтүп турган сот жана жаза, сиздин өч алуу же айыптоодон да күчтүү.

Бир нерсени так айта алам, сиз балдарыңызды сүйүп жана ар дайым аларга жардам бересиз. Эң негизгиси тандаган түйгөйүңүз жалкоо болбосун.

Кызым, бактылуу болуңуз!

БУЛАК:bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу