Атамбаев өзү ишти жөндөй албаган кадрларды калкалап келген. Анан ага ким күнөөлүү болот?

Бийлик партия саналган КСДПнын акыркы бир нече айдын ичинде эле бир топ рейтинги төмөндөп кеткени байкалды. Өзгөчө 31-мартта өткөргөн XVII курултайынан кийин бул партиянын да бир топ кадыр-баркы кете түшкөнүн айткандар көбөйдү. Мисалы, Апрель революциясынын катышуучусу Расул Умбеталиев ошондой пикирде.

Ал экс-президент А. Атамбаевдин саясатка кайтып келиши КСДП партиясынын ичиндеги жик-жикке бөлүнүүнү гана күчөтпөстөн, коомчулукта ошондойду пайда кылат деп эсептейт.

“Эмнеге курултай жабык өттү? Ижарага алынган зал кичинекей жана ага журналисттер батпай калды. Эмнеге филармонияда эмес?”, — дейт ал.

Ырасында эле КСДП курултайын филармониянын чоң залында деле өткөрүүгө мүмкүнчүлүгү бар болчу. Эгерде ачык-айкындуулукту каалаганда бардык региондордон делегаттарды чакырып, “бул бизге ылайыксыз” деп бөлбөстөн баардык партия мүчөлөрүн да кошо чакырышмак. Журналисттер да катышууга мүмкүнчүлүк алмак. Болгону менен экс-президент каалаган жок көрүнөт. Андан көрө ал бир ууч топтун колдоосу менен партия төрагасы болуп шайланып алууну туура көрдү.

“Мамлекет башчысынын иниси – өтө жөндөмдүү, ал мамлекет үчүн жакшы иштеп берди, бирок анын депутат болуп отурушу баары бир аягы жакшы болбойт”, — деди А. Атамбаев 31-мартта өткөргөн маалымат жыйынында.

Ошол эле маалымат жыйынында: “Белгилүү бажычынын иниси партия үчүн жакшы иштеген, аны таза адам деп айтышат. Бирок, анын бир тууганынын айынан өткөн жылы бюджетке 10 млрд сомдой түшпөй калса керек”, — деген да оюн айтты депутат И. Матраимовдун курултайга чакырылбай калганына жооп берип жатып.

“Мен учурдагы премьер-министрден бажы кызматынын “серый кардиналы” “Раим-миллионду” кызматтан кетирүүнү сурандым” , — деп да айтты анда.

Мына ушуларга Расул Умбеталиев жооп катары, көптөгөн айыбы ачылгандар Алмазбек Атамбаевдин президенттик убагында да өз кызматтарын ээлеп отурушканын белгиледи. “Эмнеге аларды түрмөгө отургузушпайт деген жөнөкөй эле суроо пайда болот?”, — дейт коомдук ишмер.

Ошондой эле ал эмне себептен экс-президент Бишкек ТЭЦиндеги кырсыкка 2016-жылдын апрелинен тарта 2017-жылдын августуна чейин Сооронбай Жээнбековдун жетекчилиги алдында иштеген өкмөттү күнөөлөп атканына да түшүнбөйт. Ошол 2016-2017-жылдарга карата күзгү-кышкы сезонго даярдыкты өкмөт канааттандырарлык эмес деп таап жана Улуттук энергетикалык холдингдин башчысы Айбек Калиевдин ээлеген кызматына жөндөмсүз болуп жатканы боюнча маселе жаралган. “Ошондо Калиев 7-кабатка чуркап барган жана ал жактан “биздин балашкага тийбегиле” деген кыйкырык чыккан”, — деп жазат Умбеталиев.

Демек, Атамбаев өзү ишти жөндөй албаган кадрларды калкалап келген. Анан ага ким күнөөлүү болот?

А. Атамбаевдин ЖК депутаты А. Жээнбековдун депутаттык мандатын тапшыруусун талап кылганы, “Премьер ката кетирип атат, бирок ишин жөндөп атат” дегени жана экс-президенттикке талапкер Ө. Бабановго карата экинчи кылмыш ишинин козголгонун – КСДП мүчөсү төрагалык кылган министрлер кабинетиндеги креслону сактап калуу аракети деп баалайт Р. Умбеталиев.

“Бирок, партия ичиндеги бөлүнүү Атамбаев кааласа да, каалабаса да көбөйөт. Ош облусунан келген делегаттарды демаршы, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөлөрүнүн жана түштүк регионунан көптөгөн депутаттардын курултайда жок болушу түшүнбөстүктөрдүн элементи болуп саналат”, — дейт ал.

Бирок, учурдагы мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековду эми ордунан жылдырууга болбойт деп эсептейт апрель революциясынын баатыры. Бүгүнкү күндө ал КСДП партиясынын мүчөсү эмес, эгерде ал абсолюттуу лидер болбосо да, баары бир элдин лидери деген пикирде Р. Умбеталиев.

“Мамлекет башчысына эч ким, анын ичинде мурдагы президенттер да көрсөтмө берүүгө жана партиянын чечимдерин таңуулоого укуктуу эмес, жадакалса ал бийлик партиясынын көрсөтмөсү болсо да. Эң башкысы мамлекет лидери өз аракеттерин жана чечимдерин бир гана аны Кыргыз Республикасынын президенти кылып шайлаган өз эли менен” макулдашышы керек”, — дейт ал.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу