Атамбаев өзүнө жолуккандарга эмнелерди убада кылып атат?

Азыр айрым саясатчылар АШАга ачык, көпчүлүгү жашыруун барышып, “учурдагы абалды” талкуулап жатышкандыгы эч кимге жашыруун эмес. Алардын айрымдары АШАдан чыккандан кийин азыркы бийликке ыктагандарга ар нерселерди шыбырашкандарын да билебиз. Ошондойлордун биринин айтымында, АША өлкөдөгү абалды талкууламыш деген шылтоо менен адегенде келгендин «тамырын” тартып, эгерде анын азыркы бийликке ачык эле нааразылыгын байкаса, президент жөнүндө ар кандай сөздөрү айтып, анан “мен эки жолу революция жасагам, үчүнчүсүнө да күчүм жетет” деп келип, эгерде ага кошулса үчүнчү революциядан кийин ага кандай кызмат тийиши мүмкүн экендигин кыйытып жатыптыр. АШАга киргендердин бири ошентип “көлөкөдөгү өкмөттүн” премьер-министри болуп чыгыптыр. Экинчисине банктардагы ячейкаларга, нак акчаларга толук кожоюн кылууга убада бериптир.

Ал эми үчүнчүсүнө иштетилип жаткан алтын кендериндеги продукциялардын бир бөлүгүн “мамлекеттин коопсуздугуна керектелет” деген шылтоо менен реквизиялоого убада кылыптыр. Ал практикада болгон. 2010-жылдын 7-апрелиндеги революциядан кийин “бизди Атамбаев жиберди” деп үч машинада куралчан адамдар Макмал алтын кенине барышып, даяр продукциялардын бир бөлүгүн жүктөп кетишкендиги убагында массалык маалымдоо каражаттарына жарыяланган. Бирок, тилекке каршы, алардын кимдер экендиги алиге чейин аныктала элек. Ага Атамбаев премьер болуп турганда Түркияга жашыруун чыгарылып кеткен алтындарды кошсок, мында ойлондурарлык нерселер бар. Баргандардан күч, каржы органдарынан, Бишкектин мэрлигин сурагандардан башкалар жок дешет.

Эч кимдин билим берүү, социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо министри сыяктуу кызматтарга баргысы келбейт экен. Баары эле нардын буйласына ээ болгулары келип жатыптыр. Булардын канчасы чын экендигин так айта албайбыз, бирок АША менен жолугушкандан кийин эле айрымдардын дакан короздой койколоңдоп калышкандарында, бүгүнкү бийликке карата көз караштары өзгөрүп, кыйшык сүйлөп экиленип калгандарында бир сыр бар деп ойлоого толук негиз бар. Анын үстүнө экс-президентке учурда орустар айтмакчы, “терять нечего”. Андан баарын күтүүгө болот, демек, күч органдары сак болуп, бардык нерселерге даяр болуулары кажет.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу