Атамбаев “Үсөновду каяктан болсо дагы таап, алып келгиле!” деп…

Учурунда өзү баш болгон оппозицияны эң ыплас сөздөр менен сөккөн Акаев-Бакиевтердин пресс- кызматкери Алмаз Үсөновду Атамбаев президенттик аппаратынын жетекчиси кылып дайындаганда элдин баардыгы оозун ачып таң калган.

Ага ишенип, жумуштан түшкөндөн кийин ээрчитип, “Форумда” офисимди жетектеп бер деп, чоң өлчөмдөгү айлык акысын да чектеп бергенин укканбыз. Акыркы маалыматтар боюнча, акыркы күндөрү экс-президенттин “эркесине” айланган Алмаз Үсөнов Атамбаевдин телефонуна жооп бербей, жумушка чыкпай жатыптыр.

Бул маалымат ачыкталып, “Форумдагы” жаны күйгөн бирөө коомчулукка чыгарса Үсөнов “дизертир” атка конобу? Ага жини келген Атамбаев “Үсөновду каяктан болсо дагы таап, алып келгиле!” деп жан сакчыларын жөнөтүп жатканы чындыкпы? “Форум” жактан бирөө үн катабы бул маалымат боюнча?

Булак: Жаңы ОРДО

Аргумент.kg
Жооп калтыруу