Атамбаев үй-бүлөсү менен Бириккен Араб Эмирлигине учуп кетти

Мурдагы өлкө башчысы бир жумадан кийин келери айтылды.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев үй-бүлөсү менен кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн өткөрүү үчүн Бириккен Араб Эмирлигине бүгүн эртең менен учуп кетти. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, экс-президент бир жумадан кийин, 4-февралда, Кыргызстанга кайтып келет.

Буга чейин Атамбаев үй-бүлөсү менен 11-январда Индияга барары айтылып, бирок сапар болбой калган болчу.

Булак: Спутник 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу