АТАМБАЕВ: “ЭДИЧКА БАЙСАЛОВ КСДПНЫ САТЫП КЕТКЕН”

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн март революциясына арналган скверде журналисттерге сөз эркиндигин коргоо жөө жүрүшү тууралуу пикирин билдирди.

“Булар коргоочулар эмес. Ошол эле Эдичка Байсалов биз кыйын учурга туш болгондо КСДПны сатып кеткен. Павлюкту өлтүрүшкөндө, Сыргак Абдылдаевди сабашканда бул коргоочулар каякта эле? Алар чоң кызматтарда отурушкан”,-деди ажо.

Атамбаев төртүнчү бийлик дагы өз сөзү үчүн жооп бериши керектигин кошумчалады.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу