Атамбаев Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөө боюнча жарлыкка кол койду

Кыргызстандын элдик жазуучусу 2008-жылы каза болгон. Ал келерки жылы 90 жашка толмок.

Президент Алмазбек Атамбаев улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөө боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жарлыкка ылайык, Айтматовдун 90 жылдыгы улуттук жана эл аралык деңгээлде өткөрүлөт.

Өкмөт эки айдын ичинде уюштуруу комитетин түзүп, керектүү каржыны бөлүү менен иш-чаралардын планын даярдоо милдетин алды.

Чыңгыз Айтматов 1928-жылы Таластын Шекер айылында төрөлүп, 2008-жылы дүйнө салган. Анын романдары 176дан ашык тилге которулуп, 128 мамлекетте 100 миллион нускада чыгарылган.

Булак: Спутник

Аргумент.kg
Жооп калтыруу