Атамбаев хансарайын балдар үйүнө өткөрүүгө даярбы?

Мурунку президент тууралуу сөз болгондо эле, дароо анын Максим Бакиевдин жерине салып алган жаңы хансарайы деп айтылат. Оо-оо экс-президенттин бул жаңы үйү көпчүлүктүн көзүн кызартары турган иш. Канчалаган саясатчылар ушундай үйдү бизге деле Кудай буйруса не деп шилекейин агызды. Бирок, Атамбаевге саясатчылардын суктанганы эмес, коомчулуктагы үйү тууралуу айтылып жаткан сөздөр катуу тийип жатканы болууда. Бул тууралуу өзү дагы маегинде сөз кылбадыбы. Уккан кулакта не айып. Укканыбызды айтабыз да. Экс-президент жакын адамына «Эгер бийлик ушул үйгө асыла берише турган болсо, балдар үйүнө өткөрүп берип салам. Буга дух жетет…» деп айтканын эшиттик. Жаңы хансарайды ансыз деле балдар үйүнө айлантыш керек деген пикир коомчулукта арбып баратпайбы. Атамбаев өзү айткандай үйүн балдар үйү кылып берип салганга духу жетеби?

Булак: «Жаңы Ордо» 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу