Атамбаев, учкучту жөн жеринен каралаган тура…

Шариповду мурунку президент сатып кеткен тура

Өзү Кыргызстанда туулуп, Айга учса, Антарктидага барса Өзбекстандын желегин көтөрүп барган Салижан Шарипов деген учкучубуз бар. Ал Кыргызстандын жана Россиянын Баатыры, кадимки эле эки улутту кагылыштырып, кан төгүүгө күнөөлүү болгон Кадыржан Батыровдун досу. Салижан Шарипов Жалал-Абаддагы Кадыржан Батыровго таандык болгон университеттин акцияларын 2010-жылдагы кандуу коогалаңдан кийин сатып алууга ким уруксат бергенин, ал үчүн аны ким сатканын айтып бериптир.

Көрсө, учкучтун досу Москвадагы академиянын ректору экен. 2011-жылы ошол ректор досу Жалал-Абадга академиянын филиалын ачуу идеясын айтыптыр. Шарипов ушул иш боюнча ошондогу премьер-министр Алмазбек Атамбаев менен жолугуп, идеясын айтса, Атамбаев колдоого алган тура. Алмазбек Атамбаевге биржадагы акцияларын сатып ала турганын билдирген да экен. Атамбаевдин макулдугу менен акциялардын бир бөлүгүн сатып алыптыр. Кийин Салижан Шариповду кандуу тополоңго күнөөлүү делген сөздөр айтылып, Атамбаев өзү Батыровдун мүлктөрү учкучка катталып калганын айткан. Көрсө, Атамбаев башынан эле баарын билип туруп, учкучту жөн жеринен каралаган тура. Падыша да ушундай болобу? Шарипов Батыров менен дос экенин жашырбастан, Кадыржандын Кыргызстанга кайтып келгиси бар экенин билдириптир. Батыров деле келип, кимдер аны козутканын айтып берсе көп нерсе ачыкталмак.

Булак: «Жаңы ОРДО»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу