Бүгүн, 20-ноябрда «Ала-Арча» резиденциясында президент Алмазбек Атамбаевдин
маалымат жыйыны өтүп жатат.
Маалымат жыйындын жүрүшүндө Алмазбек Атамбаев
түшүн айтып берген журналистке алтын саатын
белекке берди.
«Де-Факто» гезитинин башкы редактору Амантур
Мусагулов “Мен түшүмдө сиздин саатыңызды тагынып
алып, сыймыктанып жүрүптүрмүн” деп айтса,
Алмазбек Атамбаев колундагы саатын журналистке
чечип берди.
Булак: fakt.kg