Атамбаев ТЭЦ коррупциясы боюнча периштеден дагы тазамын деп актанды

Экс-президент Атамбаев абдан кымбат адвокаттарды жалдап алып актанам деп кам уруп жатыптыр. ТЭЦтен, Музейден, Бишкек- Ош жолунан миллиондорду тойгончо жеп, анан Бакиевдин баласы Максимдин жерине хан сарай салып алып президенттик мөөнөтүн жыйынтыктаган Атамбаев актанбаска айласы барбы?
Актанууга Атамбаев баягы президенттик мөөнөтү бүт электе эле өткөн. Эсиңерде болсо, мен мультимиллионермин, Бабанов студент кезде бай болчум, Акаев волга мингенде мен «Мерс» тепчүмүн деп кыйкырып алып, анан кантип байыдың эле? — деген элементарный суроого эптеп жооп таппай «китеп сатып» байыгам деп жанын жеп, анысы окшошпой калганда, Түркияда заводум бар эле ошону сатып акча кылгам деп калпы чыкканын эл унута элек. Ошентип, кантип байыганын түшүндүрө албай куураган «экс» эми да актанып бүтө албай убара. Мен президент болуп турганда кыргызстандын энергетика жаатында көз карандысыздыгын камсыздадым деп бир айтып, бир, эки айтып эки койбойт бул киши.

Электр жагын жасамыш этип жатып, ал жактан жарылганча уурдаганын жакында билет кыргыз. ТЭЦтин чуусу, ЛЭПтин чуусунун жанында баланын оюну болуп калат дешип, тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн үн чыгарбай, күбүрөнүп жүрушкөн органдын кишилерин угушкандар кеп кылышууда. Анан да энергетикалык көз карандылыктан чыгардым деп, аппак болуп жаткан Атамбаев Зилалиевдин колу менен ГЭСтерди куруу иштерин кайдагы бир «шылуун» Лиглас деген компанияга берип, анын артына энергия сатып байыганга жедеп көнүп бүтүшкөн эки баласы менен Атамбаев өзү олтуруп алгысы келгенин элдин көбү али биле элек. Анан эле акмын, сындоо оңой, иш кылыш кыйын деп «дөөрүгөн» күнү статья заказ берип, эл алдында «сулуу чымчык» боло бергенин ушу АША шылуун токтотсо!

Андан көрө Кыргызды Кытайга 2 миллиард доллар карыз кылган чыккынчылыгы үчүн жооп берсин! Музейге тал теректи кырктырып келип коюп, ал жерден жүз миңдеген долларды жеп кеткени үчүн жооп берсин! Кандуу жүктүн ээси ким аны ачыктасын? Максим Бакиев 180 миллионго түзбөй койгон ТBEA менен эмне үчүн 386 миллионго келишим түзүп, эмне үчүн алар аттишти 1500 долларга сатып алышканын өзү жалдап жаткан адвокаттары аркылуу болсо да элге тушүндүрүп берсин!

Аргумент.kg
Жооп калтыруу