Атамбаев тымызын жер-жерлерде акча таратып, чоң ызы-чууга даярдык баштаганы айтылууда

Заманасы тарып, укуруктун учу мойнуна жакындап келаткандыгын АША билип турат, анын айланасындагы саясый технологдор да жан талашып ага жол бербөөнүн аргасын издешүүдө. Анткени, АША камалса, анын кесепеттери өздөрүнө да тийерин эң сонун түшүнүшөт. Ошондуктан алар өздөрү көзөмөлдөгөн жалпыга маалымдоо каражаттарын азыркы бийликти жаманатты кылып, АШАнын тушунда аткарылгандардын бардыгын түз жана кыйыр түрдө мактатып жатышат. Бирок, мамлекетти жетектегенине бир жыл да боло элек, анын үстүнө айрым көз карандысыз серепчилер айтышкандай, азырынча кынтыксыз иштеп жаткан адамды ашата сындап, жаманатты кылганга да колго илинерлик эч нерсе табылбагандыктан алардын айыптоолору эч кимди деле ынандырбай жатат. Бир жылда элдин турмушун оңдоп жибербеди деген кимди ынандырат? Ачкыл-кычкылдарга башы айланып, айныган сөздөрдү айтып, мактанып эле жүргөн алты жылда АША өзү элдин турмушун жакшырткыдай эмне кылды эле? Үстөктөрү Акаевдин тушунда алынгандардан 2-3 эсе көп шектүү кредиттерди тартып, шектүү долбоорлорду гана ишке ашырып, республиканын сырткы карыздарын эки эсеге көбөйттү.

Президентти жаманатты кылууга багытталган пиар кампаниясы күткөндөй натыйжа бербегенден, канча жан далбас кылса да тарапташтарын көбөйтө албагандан улам тымызындан жер-жерлерде акчаларды таркатып, нааразылардын, пикетчи-митингичилердин топторун түзүп, аларды шерттешкен күнү аянттарга алып чыгып, ыңгайы келсе бийлик органдарын, административдик имараттарды басып алууга даярдап жатышкандары жөнүндө маалыматтар келүүдө. АША алды артын карабаган авантюрист экендигин, буга чейин анын бардык авантюралары жазасыз калып келгендигин эске алганда, ал акыркы авантюрасын ишке ашырууга толук барышы, коррупционерлерден жыйнаган акчаларын самандай чачуусу мүмкүн экендигин эстен чыгарбоо зарыл. Анын оозунан “карып-арып төшөккө сийип өлгүчө, аянтта Сооронбай менен атышып жатып өлгөнүм жакшы” деген сөздөр жөн жерден чыккан эмес.

2006-жылы ноябрда А.Атамбаев ошол убактагы премьер-министр Ф.Куловго келип “Мы захватим Белый дом, и народ всех вас вышвырнет оттуда. Пусть погибнет тысяча человек с нашей стороны, но победа будет за нами!” ( Кулов Ф., На перевале, М. 2008, с.224) деп кыйкыргандыгын “темир генерал” өз китебинде келтирген. Өз максатына жетүү үчүн ал миңдеген адамдардын өмүрлөрүн аябай турган коркунучтуу авантюрист, ал элдин биримдиги, мамлекеттин келечеги жөнүндө эч качан чындап ойлонгон жан эмес. Тескерисинче, алты дубан элибизди ар жакка бөлүп, акыл эстүү адам оозго алгандан да жийиркенгидей калжың, мазак сөздөрдү айтып, аймактарды бири бирине кайраштырып гана келген адам. Тийиштүү кызматтар, укук коргоо органдары АШАчылардан өзгөчө сак болушпаса, алар өздөрүнүн утурумдук максаттарына жетүү үчүн Кыргызстандын өзөк тамырына душмандардай балта чабуулары ыктымал.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу