Атамбаев тарап күзүндөгү төңкөрүш тууралуу үн катты

«Бийлик “күзгү төңкөрүш” жөнүндө массалык түрдө таратылып жаткан имиштерге жана ушак-айыңдар тууралуу түшүндүрмө бербей  жатат жана муну менен айрым мамлекеттик органдар чагымчыларга кырдаалды курчутуп, экс-президент А.Атамбаевдин атын жаманатты кылууга жол беришүүдө,- деп билдирди КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева.

Өкүлдүн айтымында: «Абалдын чоо жайына түшүндүрмө сурап бизге кайрылган адамдар көп болууда. Анткени Атамбаев тарабынан даярдалып, ал тургай, каржыланып аткан коомдук башаламандыктар жана мамлекеттик төңкөрүш туурасындагы карандай калп имиштер акыркы айлар ичинде максаттуу түрдө жарыяланып жатат.

ЖМКнын жана интернет-сайттардын аталыштарына, ошондой эле социалдык тармактардагы аккаунттардын ысымдарына назар салсак, мындай имиштерди таратуу кимдер үчүн пайдалуу болуп жатканын түшүнүү кыйын эмес. Тийиштүү мамлекеттик органдардын мындай чагымчылыкка таптакыр ак же көк дебей турганынан улам, мында бийлик башында отурган айрым адамдардын кай бир даражада кызыктарлыгы бардай таасир калтырат.

Андан сырткары Кундуз Жолдубаева, Кыргызстандагы туруктуулук да так Атамбаев президенттик кылып турган учурда орногон. Атамбаев өзүнүн 6 жылдык президенттигин так ошол элдин митингдерге чыгуусуна эч кандай себеп жагдайлар болбогондугун айтат.

«2018-жылдын 31-мартындагы КСДПнын съездинде Алмазбек Шаршенович мурдагы өлкө башчысы жана дос катары Сооронбай Жээнбековго өз кеңештерин айткан эле. Андан кийин өткөн беш айдын ичинде экс-Президент ЖМКга бир да жолу маек курган эмес, ошондой эле жарандардын өтүнүчүнө карабай, ар кандай ушак-айың кептерге жана имиштерге себеп жаратпаш үчүн эл менен жолугушуудан жана аймактарды кыдыруудан принципиалдуу түрдө баш тарткан.

Өткөн ушул беш айдан бери бийликке жакын ЖМКлар жана блоггерлер А.Атамбаевге жана анын санаалаштарына “тонналаган” ыпыластыкты аянбай куюп жатышат.

Акыл-эске сыйбаган имиштер менен ушактардын авторлору өлкөдө А.Атамбаевдин эч кандай катышуусу жок эле бийликтин өзүнүн алысты көрө албаган саясатынан, саясий оппоненттерди куугунтуктоосунан, шектүү кадрлык чечимдерден, экономикалык чабал саясатынан улам эл ичинде нараазычылык маанайы жаралып жатканын көрбөй турушат», — деп белгиледи К.Жолдубаева.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу