Атамбаев сот жообуна тартыла турган күн жакындап калды

Кыргызстанды алты жылда аңга түртүп, 60 жылда да төлөп бүтө алгыс карызга батырган, жалаң тегерегиндеги пол жуугуч, таразачы, жансакчы, шоопур сыяктуу ат кошчуларын мамлекеттик жогорку кызматтарга коюп, мамлекеттик башкаруунун ашмалтайын чыгарган экс-президент А.Атамбаев акыры өзү да сот жоопкерчилигине тартылат окшойт. Анткени ушул жумада экс-президентти кол тийбестигинен ажыратууну сунуштаган мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү. “Президенттин ишмердигинин кепилдиктери тууралуу” мыйзамга мындай өзгөртүүлөрдү киргизүүнү парламент депутаттары Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев демилгелеген. Долбоордун авторлору экс-президентке кол тийбестикти кепилдеген мыйзамдагы 12-берене Конституцияга каршы келет деп эсептеп, ал беренени алып салууну сунушташкан. Андан мурда, 3-октябрда Жогорку соттун алдындагы Конституциялык палата укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу тууралуу өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырган болчу. Укук коргоочу «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндөгү» мыйзамдын нормаларын Баш мыйзамга каршы келет деп таануу өтүнүчү менен кайрылган. Мыйзамдагы бул норма экс-президенттердин кол тийбестигин абсолюттук түрдө камсыз кылат. Конституциялык палата мыйзамдын 12-беренеси “Баш мыйзамга каршы келет” деп таап, бирок экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуунун жол-жобосунун жоктугун көрсөткөн. Кыргызстанда экс-президент статусу Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаевде гана бар. Аскар Акаев менен Курмабек Бакиев мындай макамдарынан революциялардан кийин ажыратылгандыгын эске салып өтөлү. Андыктан аталган мыйзам кабыл алынып калса, Р.Отунбаеваны билбейбиз, АША сөз жок өзү чалган кашага чалынып, Ө.Текебаевдин жанында камералаш болуп каларында шек жок. Балким Өмүке ордун бошотуп берээр…

Булак: “Майдан.kg” гезити

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу