Атамбаев Россиянын муфтийлер кеңешинин жетекчиси Равиль Гайнутдинди кабыл алды

Жолугушууда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы менен Россиянын муфтийлер кеңешинин ортосундагы кызматташуу тууралуу сүйлөшүү болду.

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын уламалар кеңешинин жетекчиси Равиль Гайнутдинди кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Гайнутдин Бишкекке 31-мартта келген.

Жолугушууда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы менен Россиянын муфтийлер кеңешинин ортосундагы кызматташуу тууралуу сүйлөшүлдү.

«Атамбаев менен Гайнутдин аймактагы жана дүйнөдөгү диний абал, өлкөлөр ортосундагы тынчтыкты бекемдөөдөгү исламдын орду тууралуу кеп кылып, экстремизм, терроризмди алдын алуу тууралуу сүйлөштү», — деп жазылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Равиль Гайнутдин Бишкек шаарынын Осмонкул, Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жаңы мечиттин ачылышына келген. Анын ачылышы бүгүн, 1-апрелде болот.

Булак: sputnik.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу