Атамбаев “Раим миллионду” пайдаланып бүтүп, эми ага көө жапканы кандай?

 

Алмазбек Атамбаевдин президенттик доорунда Бажы тармагынын башына «Раим миллион» атыккан Раим Матраимовдун келгенин, анан экс-президент өз мөөнөтү аяктап баратканда аны кызматынан алып, «садага чаап» кеткенин жакшы билебиз. Кеңири коомчулукта ачык айтылбаса дагы, тар чөйрөдө «Раим миллион» А. Атамбаевдин адегендеги «шоопуру» Икрам Илмияновдун «кошелогу» экени көп айтылчу. Айына бир жолу бир чемодан акча менен келип Илмияновго «учурашып» кетип туруучу дешет. Албетте, Илмиянов бардык маселени кожоюну Атамбаев менен кеңешип, андан кийин гана кыймылдай турганын эске алганда, «Раим миллиондун» чемодандары экс-президенттин өзүнө түптүз кирип туруучу десек жарашат.

Бирок, Атамбаев пайдаланып-пайдаланып туруп, ыргытып жибере турган да касиети бар экенин даана көрсөттү. Ал 31-марттагы берген маалымат жыйынында ««Раим миллион» кызматтан алынгандан кийин анын санаалаштары премьер Сапар Исаковду сого башташты» дегендей пикир айтты. Муну менен ал ачык эле мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековду жаманатты көрсөткүсү келип атканы билинди.

Негизи «Раим миллионду» С. Жээнбековго жармаштыруу аракети буга чейин деле башталган. 8-февралда мамлекет башчысы С. Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында күч түзүмдөрүндөгү коррупциянын тамырлап кеткенин, паракорчулук менен чечкиндүү күрөш баштала турганын билдирген. Президенттин бул билдирүүсүн коомчулук колдоого алган. Бирок, коррупцияга малынып алган айрым чиновниктерге албетте жаккан эмес.

Анан интернеттеги социалдык түйүндөрдө мамлекет башчысынын Коопсуздук кеңешиндеги айткан билдирүүсүнө каршы чабуулдар башталган. Адегенде жалаяктай бир макала жазылып, аны Фарид Ниязовдун досуна таандык бир агенттик жарыялады. Ал макалада жогорудагы биз сөз кылган «Раим миллионду» мамлекет башчысы менен байланыштырып, «С. Жээнбеков «Раим миллионду» пайдаланып, аны калкалап, кийинчерээк чоң кызматка алып келет» дегендей жазышкан. Ток этерин айтканда, Раим Матаримовдун кызматтан алынганына С. Жээнбеков жинденип, Атамбаевдин кадрларын кетиргени атат дегендей тыянак чыгарган.

Ырасында, Раим Матраимовду Сооронбай Жээнбековго байланыштыруу таптакыр акылга сыйбайт. Себеби, ал жогоруда белгилеп кеткендей, А. Атамбаевдин шоопурунун «кошелогу» болгон. 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин «Раим миллиондун» айынан А. Бекназаров менен А. Атамбаев катуу чырдашканы эсибизде. Себеби алардын чыры жазылып алынган аудио интернетке жарыяланып кеткен.

Кийинчерээк бул чыр боюнча А. Бекназаров маалымат булактарынын бирине мындай түшүндүрмө берген: Аны (Раим Матраимовду ред.) Бажы кызматынан революционерлер, азыркы губернатор Сооронбай Жээнбековдор кууп чыгыптыр. Ордуна башка баланы коюптур. Анан алар мага “биз ушул баланы койсок, Матраимов Бишкекке барып 400 же 700 миң доллар берип, кайра буйрук чыгартып алыптыр, бул эмне кылганыңар” деп арызданып, Сооронбай ыйлаган. Мен анан Атамбаевге чалып, Сооронбай ыйлап атат, мындай болбойт да дегем. Ошол боюнча эле анан иштеп калбады, эми бул жакка орун басар болуп келди. Албетте, мунун баары акчанын күчү менен. Кийинчерээк ал баланы бир жолу көрдүм. Бою кичинекей эле бала экен. Ал бала өмүр бою эле “капчык” болуп, пул менен ишин бүтүргөн неме экен”, — деген. Бул пикирди А. Бекназаров 2015-жылы билдирген. Ал убакта С. Жээнбеков Ош облусунун губернатору эле.

Ошондо “Раим миллион” кимдин кадры болуп атат? Албетте, А. Атамбаевдин. Анан өзүнүн президенттик мөөнөтү аяктап баратканда “Кийинки президентке да капчык болуп калбасын” деген ой менен Бажы төрагалыгынан кетирип, ордуна К. Кулматовду алып келип койбоду беле? Анан минтип ачык эле жалганды айтып аткандан экс-президент бир уялып койсо боло.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу