Атамбаев. Парламенттик шайлоо

Бир нече саат мурда өлкөнүн учурдагы жетекчиси топ журналисттерге акыркы пресс-конференциясын берди. Пресс-конференция күтүлгөндөй эле күчтүү эмоцияналдуу деңгеелде өттү. Биз көңүл бура турган бир маселе, ал кийинки шайлоодо СДПК партиясы менен тизме башында парламенттик шайлоого катышаарын айтты. Учурда «мен саясий аналитикмин» дегендер бул жөнөкөй айтылган сөздөрдүн артында «эмне жатат» деп ой-толгоо кылып жаткан кездери. Бирок, бул парламент аягына чейин иштей турганын да баса белгиледи. Демек, мөөнөтү бүткөндөн кийин жаңы шайлоого катышат.

Экинчи масаеле: ошол эле пресс-конференцияда Кыргызстан алдыдагы жылдардын ичинде парламенттик республикага айланаарын да ачык айтты. Мисал ирээтинде Германиянын саясий системин келтирди. Анда бийлик бүт бойдон канцлердин колунда президенти бар бирок анын колунда эч кандай бийлик басымы жок. Ошондон улам саясат изилдөөчүлөрдүн арасында «кийинки парламенттик шайлоодон кийин Атамбаев саясатка спикер же премьер-министр болуп кайтып келеби» деген жоромолдор да күчөөдө. Бирок, мөөнөтүнүн акыркы күндөрүн узартып жаткан Президент бир нече жолу спикер же премьер-министр болуу анын оюнда жок экендигин да айткан. Кандай болгон күндө да Кыргызстандын парламенттик башкарууга өтүп жатканын коомчулукта колдогондор арбын.

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу