Атамбаев «мүйүздүү болом» деп кулагынан да айрылганы турабы?

Цивилдүү өлкөлөрдүн бардыгында мамлекеттин экс-жетекчилери коомдогу калыс арбитр, элди ынтымакка, биримдикке чакырып, ичтеги түгүл сырттагы араздашкандарды да ымалага келтирүүгө аракеттенген, башкаларга ал жагынан үлгү көрсөткөн стабилдештирүүчү фигура болууга умтулушат. Элдин ишеними ыйык, ал бир жолу өзүнө башчы кылып шайлагандан кийин, отставкага чыкканда да ал ишенимге татыктуу болуп жүрүүгө, аны өмүрүнүн аягына чейин актоого аракеттенүү талап кылынат.

Эгерде ага ыкластары түшпөсө, соопчулук фонддорун уюштуруп, мемуарларын жазып, академияларга, университеттерге эл аралык маселелер, геосаясат боюнча лекцияларды окуп, агартуучулук менен алектенишет. Урмат-сый менен пенсияга узатылгандан кийин айланасына колдон буттан качкан кутумдарды топтоп алып, бардык күчүн өз мураскорун жаманатты кылууга жумшоо, а түгүл аны төңкөрүш аркылуу кызматынан кетирүү жөнүндө пландарды түзүп, даярдыктарды көрүү — саясый көз карашы тар, адамдык сапаттары эң начар, момолой чычкандай күнүмдүгүн гана көздөгөн чыныгы наадандын иши. Андай адамды “мүйүздүү болом деп кулагынан да айрылгандын” гана тагдыры күтөт.

АШАга ажобуз Сооронбай Жээнбековдун кадр саясаты жакпай жатат дешет. Эмне үчүн ага жагуусу керек? Эл кадрдык маселелерде өзгөрүүлөр болот, саясый, экономикалык жана социалдык реформалар жүргүзүлөт деп жаңы мамлекет башчысын шайлашат. Ал өз ыйгарымындагыларды мыйзам чектеринде каалагандай аткарууга укуктуу. Алар үчүн керт башы менен өзү гана жооп берет. Ал маселелерде эмне үчүн мурдагы президенттин пикирин угуп, каалаганын аткаруусу керек? Түрк элдеринде мамлекетти башкарууга келгенде аталар балдарынын, балдар аталарынын сөздөрүн да угушкан эмес.

Үй-бүлө мүчөлөрүнүн ыктыярларынан чыкпагандардын бардыгынын тагдырлары кейиштүү аяктаган. Анын эки жаңы мисалына өзүбүз күбө болдук. Ири коррупциялык жаңжалдарды Сооронбай Жээнбеков баштаган жок. “Ооруну жашырса, өлүм ашкере кылат” дегендей авариялар ашкерелеп, мурдагы бийликтин былыктарынын бардыгын чыгарып салды. Ал доминолук көрүнүшкө, “цепная реакцияга” айланып, башка коррупциялык былыктардын ашкереленишине түрткү болууда. Мындай учурда күнөөлүүлөрдүн бардыгын жазалап, уурдалгандарды мамлекетке кайтаруу — жаңы мамлекет башчысынын милдети. Мамлекетке ири өлчөмдөрдө зыян келтиргендер жегендерин кусуп берип, башкаларга сабак болушу үчүн мыйзам чектеринде катуу жазаларын алуулары зарыл.

Алар АШАнын достору, ашыналары болгону үчүн эле мыйзамдуу жазалардан кутулуп кетпөөлөрү керек. Элди жегичтердин камалганы, соттолгону ашкере кызыктырбайт. Эл: уурдалгандар,тонолгондор кайтарылып, экономика өнүгүп, айлыктарыбыз, жөлөк пулдарыбыз, пенсияларыбыз көбөйсө, турмушубуз оңолсо, ополоң-тополоңдору жок тынч жашасак, өлкөбүздө тынчтык, эл арасында биримдик болсо, бөлүнүп-жарылбасак дегенди гана тилек кылат. Уккан кулак сүйүнсүн, элдин тилеги акырындап аткарыла баштады. Президент Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы аёосуз күрөшү өз натыйжаларын берип, миллиондогон сомдор мамлекеттин бюджетине кайтарылып, өлкө казынасынан жеп-ичкендер четинен “кустурулууда”. Коррупция менен күрөшүү бүгүнкүдөй темпте улана берсе, алдыда дагы жүз миллиондогон, балким, миллиарддаган акчалар бюджетке кайтарылганы турат.

Бул өз кезегинде өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүн шарттап, көмүскө экономикага бөгөт коёт. АШАчылар кандай жомокторду айтышпасын, тилекке каршы, 2010-жылдын апрелиндеги тополоңдордон улам экономикабыз, социалдык чөйрөбүз бир канча жылдарга артка кетип, алигече ишенимдүү өнүгүү жолуна түшө албай жаткандыгы эч кимге жашыруун эмес. Мындай учурда элди тополоңго үндөп, мамлекетти дагы артка кетирүүгө аракеттенүү — элге чыккынчылык, кыянаттык кылганга тете иш болуп саналат. Эл андайларды эч качан кечирбейт.

Тилекке каршы, азыр АШАчылар азыркы бийликтегилерге гана эмес, мамлекетке да кыянаттык кылууга аракеттенишүүдө. Азыр айыл-кыштактарды, шаарларды “АША мынча миллион доллар чогултуп, күзүндө төңкөрүш жасаганга аракеттенип жатыптыр” деген имиштер аралап, элдин тынчын кетирүүдө. “Эгерде АШАчылар коррупционерлерди коргогону чыгыша турган болсо, биз карап турбайбыз, тополоңчулуктун жазасы кандай боло тургандыгын көрсөтөбүз” дегендер да аз эмес. Демек, АШАчылар авантюристтик пландарынан кайтышпаса, тагдырлары өтө эле кейиштүү болгону турат.

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу