Атамбаев мультимиллионер болуп жыргап, Исаков, Кулматов, Ибраимовдор абакта күн көрбөй куурап…

Камалгандын өзүнүн шору, эркиндиктеги табакташтары аны түшүнбөй тургандыгы айдан ачык кеп. Мына, Атамбаевдин айынан камалып жатышкан Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимовдор көргөн күндү эч ким көрбөсүн. Исаковдун аялы адвокаттардын эмгек акыларын төлөө үчүн акча керек болуп жашап жатышкан үйүн сатканын айтса, Кубанычбек Кулматовдун аялы күйөөсү камалгандан бери нике күбөлүгүңөр жок экен деген доомат менен бир да жолу күйөөсүнө жолуктурушпаганын айтып ыйлактайт. Ал эми Албек Ибраимовду бүткүл журтка  уят кылып, үйүнөн күчкө салып, сүйрөп кетишкени жаман эле иш болду. Үчөөсү тең өлкөдөгү эң таасирдүү кызматтарда туруп, бир күн эле абакка кирип калышарын өздөрү да үч уктаса түшүнө кирбесе керек. Эми Атамбаев “олтура турушсун, эч нерсе болбойт, көп болсо 2020-жылга  чейин олтурушат, анан парламенттик шайлоодо биз жеңебиз, алар абактан баатыр болуп чыгышат!” деп сооротуп жатыптыр.

Өзү болсо “Форум” аттуу имаратын миллиондогон бекер акчага жалтыратып оңдотуп, ошого эле жыргап, кабинеттерине жалтыратып бардык шарттарды уюштуруп алып, мультимиллионердин турмушунун жыргалын көрүүдө. Ал эми Исаков, Кулматов, Ибраимовдор УКМКнын муздак, караңгы абагында күнгө, таза абага зар болуп кезерип, турмуштун кууралын көрүп олтурушат. Анан Атамбаев уялбай өзүнө жан тарткан ММКлардын бирине “Атамбаев камалган соратниктерине моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүп жатат” таризинде буйрутма маалымат жаздырыптыр. Чындыгында Атамбаев өзүнүн санаалаштары Исаков, Кулматов жана Ибраимовдордун үй-бүлөлөрүнө эч кандай моралдык жана материалдык колдоо көрсөткөн эмес. Алтургай Атамбаев өзүнүн санаалаштарынын баш коргоо чарасын караган соттук отурумдарынын бирине да келип койгон жок. Келип үн катып, аны мультимиллионерге чейин байыткан санаалаштарынын духун көтөрүп койсо болмок. Эксперттер бир эле Бишкек ЖЭБин оңдоодо $150 млн уурдалган  деп жатышат. Калган курулуштарды азырынча айтпай эле коё туралы.

Азыр Кыргызстандагы эң бай адам – бул Алмаз Атамбаев, болгондо да анын акчалары банктагы эсептерде эмес, накталай түрүндө темир шкафтарда сакталарын  көргөн-билгендер айтышууда. Акча сурап кирген жакындарына пачкалап ошол сейфтерден алып берери белгилүү. Анан эмнеге ошол акчадан Исаковдун, Кулматовдун жана Ибраимовдун  үй бүлөлөрүнө алып бербейт. Азыр камалып жаткандардын баары Алмаз Атамбаевге буту үзүлгөнчө кызмат кылып жүрүп анан камалышпадыбы?

Билермандардын айтуусунда, жогорудагылардын камалышына Икрамжан Илмияновдун ролу чоң болгон. Жаңы бийликке алар тууралу маалыматтарды дал ушул “Шоопур” бергени айтылууда. Эми өлкөдөгү бүгүнкү абалга күнөөлүү болгон Атамбаев өзүнүн резиденциясында ал эми Илмиянов чет өлкөдө качып жүрөт. “Шоопур” жаңы бийлик менен кызматташууга макул болуп, Кулматов жана башкалар  тууралу маалыматтарды берип коюп, анан сыртка качып чыгып кеткен. Ал маалыматтарды тактоо, далил кылып көтөрүп чыгуу азыр кыйынга турууда. Бирок, Исаков, Кулматов, Ибраимовдор ал көрсөтмөлөр боюнча абакта олтурушат. Айрыкча Исаков менен Кулматов жаңы эле тили чыгып келаткан кыздарын аябай жакшы көрүшкөндүктөн кусаланып, сагынып жатышканын адвокаттары, жубайлары айтышууда. Исаковдун жубайы колундагы кызы атасын тааныбай чоңоюп жатканын билдирди. Ошентип Атамбаев көп кишинин убалына калды. Азыр УКМКнын абагында олтургандардын баары Атамбаев бийликте “вечный” олтурат дегенге ишенип, “бөрк ал десе баш алып”, аны мультимиллионер кылганга кызмат кылышты.

Кубанычбек Кулматов Бишкек жана Ош шаарларына мектеп салынсын деп Кытайдын ТВЕА компаниясы берген 2 миллион долларды жымырып койгон деген маалыматты укук коргоо органдарына “Шоопур” берген экен. Анын 1 миллионун СДПКнын шайлоо кампаниясына иштетилди деп чыгаша кылышкан дептир. Өзү бийликте олтурганда жакшы компроматтарды жыйнап алган “Шоопур” Сатыбалдиев жана Ибраимов тууралу да жаңы бийликке баалуу маалыматтарды берерде шарт коюп, айрым досторун сактап калган. Мисалы, Абдил Сегизбаев менен Болот Сүйүнбаевге эч кандай шылтоо менен тийишпейсиңер, камабайсыңар деп макулдашыптыр.

Натыйжада, Исаков, Кулматов жана Ибраимовдор абакта зарыгып, алардын үй-бүлөлөрү көрбөгөн кордукту көрүп, ар инстанцияда ар кимдин оозун карап, жакшы сөз чыгабы деп жүрүшсө Атамбаев менен анын “Шоопуру” жыргап, акыркы 8 жылда тапкан дүнүйөсүнө машыркап, чартаңбай тебишүүдө. Ал эми коррупцияга каршы күрөштү принципиалдуу баштаган бийлик Исаков, Кулматов жана Ибраимовдорду жакын арада эркиндикке чыгарчу түрү жок. Эксперттер алардын баары узак жылдарга эркинен ажыратылып, түрмөлөргө айдалат деп ишендиришүүдө.

Ал эми түрмөдөгү кримтөбөлдөр сырттан “жирный маслокраддар” келатат деп чыдамсыздык менен инвестиция күтүп жатышкандыгы айтылууда. 2012-жылы жайында Алмаз Атамбаев “Русгидронун” башчысы Евгений Дод менен Нарынга барып, Жогорку-Нарын ГЭС каскаддарынын курулушунун башталышын жарыялаганда оппозицияга асылып, “Кыргызстанда менден башка эч ким түрмөнүн “парашасынын” (туалет, унитаз маанисинде – ред.) жытын жыттаган эмес” деп мактанган эле. Эми ошол “парашасынын” жытын жыттаганы өзүнүн эң жакын соратниктерин жөнөтүп жатат.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу