Атамбаев миллиондорун сыртка чыгарып атабы?

Өткөн жумада Жогорку Кеңештин депутаттары экс-президенттердин кол тийбестигин алуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алышты.

Өткөн жумада Жогорку Кеңештин депутаттары экс-президенттердин кол тийбестигин алуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алышты.  Бул мыйзам кабыл алынып каларына көзү жеткен экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн Кыргызстандагы катып жаткан акчаларын сыртка чыгарып кетүү аракетин көрүп жатканын Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеев билдирди.

“Мен билем, Атамбаевдин өзүнүн үйүндө, тууган-туушкандарында бир топ акча бар, накталай. Кыргызстандан Казанга, Гаагага чыгара албай калган акчалары жатат. Буларда азыр, ушул кезде укук коргоо органдары, Атамбаевдин туугандарын, бөлөлөрүн, күйөө балдарын, өкүл балдарын, бүт баарын азыр тыңшоого алышы керек да, караш керек. Буларды бүгүн барып тинтүү жүргүзсө, жок дегенде 1 миллиард доллар чыгат. Ошол менен тышкы карызды жаап койсо болот да. Эгерде ушул күнү, азыр барып тинтүү кылса чыгарбай туруп, ушул күндөн баштап. Бул кишини көзөмөлгө алышыбыз керек, тууган- туушкан, бала-бакыра, өкүл бала баарын көзөмөлгө алыш керек. Акчаны ушул кезде катып жатышат булар. Акча деген көп ал кишиде”,- деп айтты ал ММКлардын бирине.

Чын эле, экс-президенттин убагында көптөгөн ири долбоорлор жүзөгө ашып, андан ири суммадагы акча каражаттары жеке чөнтөктөргө кирип кеткени маалым болду. Андыктан Нариман мырзанын бул сунушу толук түрдө колдоого алуучу сунуш болуп тургансыйт. Кытайдан алган миллиарддан ашуун карызды балким АШАнын өзүнөн эле таап алышыбыз мүмкүн. Укук коргоо органдары экс-президенттин да үйүн Д.Зилалиевдин үйүндөй кылып текшерсе, чын эле Н.Түлеев айткандай 1 млрд. доллар чыгып калышы ажеп эмес.

Булак: “Майдан.kg” гезити

Аргумент.kg
Жооп калтыруу