Атамбаев: Мен өстүргөн жигит премьер болду, өкмөткө жаштар келди

Жаңы өкмөт биз баштаган ишти улантат деп ишенем. Мындай пикирин президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 28-августта   Ош облусунун Өзгөн районунун жер көчкүдөн жабыр тарткан жашоочулар менен жолугушууда билдирди.

Президенттин айтымында анын мөөнөтү 1-декабрда бүтөт. Ал өзү кеткенден кийин досу президент болорун, өзү өстүргөн жигит премьер болуп, өкмөткө жаштар келгенин кошумчалады. Ошондой эле, жаңы өкмөт мурда башталган баштаган иштерди улантып кетет деп ишенерин билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев андан аркы сөзүндө, Жаман-Адыр айылынын атын Ынтымак деп аталышын кубаттап, айылдын өнүгүшү дагы өкмөттүн көзөмөлүндө болооруна токтолду.

Мамлекет башчы чогулгандар алдында иш көптүгүнөн эрте келе албаганы үчүн кечирим сурап, жума сайын премьер-министрден кабар алып турганын, алгач жардам чогултуп, андан соң эл менен жолугушууга келүүнү туура көргөнүн айтты.

Жолугушууда элдер суроо бере баштаганда президент алардын баардык суроолору жана убадалары сөзсүз жазылаарын эскертти. Ошондой эле, жашоочулардын баардык өтүнүчтөрү өкмөткө берилээрин билдирип, өкмөт эң аз дегенде 3 жыл иштейт деген оюн айтты.

 Булак: maralfm.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу