Атамбаев “Мен сизди шайлаган эмесмин” деген журналистке жооп кайтарды

Бүгүн, 20-ноябрда «Ала-Арча» резиденциясында президент Алмазбек Атамбаевдин
маалымат жыйыны өтүп жатат.

Маалымат жыйындын жүрүшүндө «Акчабар»
басылмасынын журналистти Алмазбек Атамбаевге
“Мен сизди шайлаган эмесмин”, деп билдирди.
Журналист “Мен сизди дагы, Сооронбай Жээнбековду
дагы шайлаган эмесмин. Анткени мен биометрикалык
маалымат тапшыруунун айынан шайлоого катышууга
конституциялык укугумдан айрылганмын. Көпчүлүк
жарандар биометрикалык маалыматтарын
мамлекеттик каттоо кызматын ишенбегендиктен
тапшырышкан эмес. Алар ММК өздүк маалыматтарын коргой албайт деп кооптонушат. Менин
конституциялык укугум качан орнотулат?”, деп суроо салды.
Алмазбек Атамбаев “Сиз кайсы мамлекетке ишенсеңиз, ошол мамлекетке барып жашаңыз. Мен
биометрикалык маалыматты тапшырууну киргизип, туура кылганмын. Эми шайлоолордун баары
биометрика менен гана болот. Кичине болсо дагы, өз мекенин сыйлаш керек”, деп жооп кайтарды
Атамбаев.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу