Атамбаев менен Исаковдун “адалдаган” миллиондору ачылды

Социалдык тармактарда Атамбаев Россия Бажы биримдигине даярдык
үчүн (фитосанитардык лаборатория, заманбап бажы системасы) берген 200
миллион доллардын 139 миллион долларын Сапар Исаков аркылуу азербайжандык
нефти олигархтарына (общий бизнес үчүн) бергени тууралуу видео жарык көрдү.
Бул боюнча расмий бийлик үндөй элек. Эгер ушул видеодогу маалыматтар чын
болсо анда президент Алмазбек Атамбаевге импичмент жарыяланып, Сапар
Исаковго кылмыш иши козголуусу шарт. Жок, бул маалымат жалган болсо УКМК бул
видеону чыгаргандарды таап жоопко тартышы керек. Парламенттен болсо кайрым жок,
алар кумга башын тыккан төөкушчасынан мындай кырдаалдарда дымып калышат. Ал
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда узундугу Шашылыш билдирүү: 11-13-августка чейин
эми, ушу тапта президенттикке аттанган талапкерлердин арасынан Россия берген
200 млн. доллардын дайынын сурай алчу, аягына чейин териштире алчу бирөө
чыгат болду бекен?! Ушундай чоң акчалардын дайын дарегин териштире албаган
соң мамлекет чокусуна “Коррупцияга каршы”- ураанында ураалап, аёосуз
күрөш жүргүзүүдөбүз деп төш кагып атабы?

Булак: “Майдан”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу