Атамбаев Мадумаровду 100 миң долларга “сатып” алды

«Фейсбук» баракчасынын активдүү колдонуучусу Абдраим Мамасадыков өзүнүн баракчасында Атамбаев тууралуу ой-пикир жазып чыкты:
Ишенимдүү булактардан алынган маалыматка таянсак, «булбул» саясатчы Адахан Мадумаров жакында эле экс-ажо Алмазбек Атамбаевге жеке өзү жолугуп чыгыптыр. Жолугушууда стакан кагыштырып, жан дүйнөлөрүн «аңтарып» сүйлөшүп, бири-биринен кечирим сурашып, анан «Мындан ары бир кайыкта, бир жээкте бололу» деп кол алышкан экен. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Мадумаров мындан ары Атамбаевдин кызыкчылыгын тымызын, билдирбей коргоого алуу милдетин мойнуна алып, ал «кызматы» үчүн 100 миң доллар суммасында «гонорар» ала чыгыптыр.
Буга чейин интернет желесинде Адахан мырзанын АШАдан акча алганы тууралуу маалыматтар жарыяланган. Анан дагы анын акча алганын дагы бир саясатчы Равшан Жээнбеков билип калганы, билип калып канча алганы кызыгып сураса, Мадумаров «Мен ал алдамчыдан, алкаштан акча алмак белем, алган эмесмин» деп койгонун да айрым булактар жазып чыккан болчу.
Көрсө, анык алдамчы Мадумаров өзү тура. Ошол 100 миң “жашылбай” алаары менен Россиядагы мигранттарга жолугушуу үчүн учуп кеткенин эми жашыра деле албай калды. Мындан ары “господин” Мадумаров АШАнын арыгын катыра чаап, азыркы бийликти болушунча шыбамайды күчөтсө таңгалбай эле коелу. Саясатта ким менен болот – ар кимдин жеке иши деңизчи. Ошентсе да, Кыргызстанда жалгыз өзү чындыктын символу сымал башын калчылдата сүйлөгөн Адахан Кимсанбаевич өзүн болгону 100 миң долларга баалаганы өкүнүчтүү. Жарыктык киши 100 миңдин артына дагы бир нөлдү коштуруп койсо болмок экен дегенибиз…

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу