Атамбаев көнгөн адаты боюнча сөз эркиндигин кысымга алгысы келип атабы?

«Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы?» деген ушул экен да. Экс-президент Алмазбек Атамбаевди коргоп КСДП партиясы айрым маалымат булактарынын үстүнөн даттанганы маалым болду. Маалыматка караганда аталган партия «Майдан Пресс» басылмасынын, «Kyrgyztoday.kg» жана «NazarNews.kg» сайттарынын үстүнөн даттанган. АШАны коргоогон партиянын пикиринде бул маалымат булактары а. Атамбаев тууралуу жалган жазып жатышкан имиш. Биринчиден, А. Атамбаевдин Чүйдүн аксакалдарын чайга чакырып, “күзгүгө же жазга даяр тургула” деген чакырык таштаганын тастыктап айтып бере тургандар бар.

Экинчиден, “жел жүрбөсө чөптүн башы ыргалбай” турганын АША өзү да жакшы билет. Анын эмнеге жөндөмдүү экени да эски үзөңгүлөштөрүнө белгилүү. Негизи эле А. Атамбаев бийликте турган кезинде да сөз эркиндигине кысым жасап келгенин билебиз. Ал бир катар маалымат каражаттарын жана журналисттерди сотко берип, бийлигинин күчү менен аларды миллиондогон сомдук айыптарга жыккан. Эми ошол адатын мындан ары да уланткысы келип атат окшойт.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу