Атамбаев Кытайга иш сапар менен барат

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Маалыматка караганда, Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин чакыруусу менен болуучу президенттин иш сапары 13-майда башталат.

Ал Бээжин шаарында 14-15-майда өтө турган “Бир алкак – бир жол” эл аралык форумуна катышат. Ошондой эле Си Цзинпин менен жолугушуусу болжолдонууда.

Алмазбек Атамбаев Кытайга быйыл 5-январда иш сапар менен барган. Анын сапары эки өлкө ортосундагы дипломатиялык алака түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына туура келген.

Кытай Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири. Расмий маалымат боюнча, тараптар дипломатиялык мамиле түзгөндөн бери Кыргызстанга Кытайдан келген түз инвестициянын көлөмү 1,2 млрд доллардан ашкан.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу