Атамбаев Кыргызстанга кайтып келди

Москвага барган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу КСДП партиясынын басма сөз кызматынын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

28 октябрга караган түнү Москвадан самолет менен КСДПнын делегациясы толук курамы менен Кыргызстанга учуп келгени, айтылат малыматта.

Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев 22-октябрда Москвага “жеке жана партиялык” деп аталган иштер боюнча учуп кеткен.

Ал Орусияга жеңесинин тажиясына жана Москвада өтчү Азия, Африка жана Латын Америка өлкөлөрүндөгү саясий партиялардын эл аралык жыйынына катышты. Кыргыз коомчулугунда болсо, Атамбаевдин Илмиянов кармалгандан кийин чет өлкөгө кеткенине байланыштуу “Ал кайра кайтып келеби” деген суроо дароо көтөрүлдү.

Булак: Govori.tv

Аргумент.kg
Жооп калтыруу